• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Акылбек Жапаров “Газпромдун” төрагасынын орун басары менен жолукту

17 Чын куран 2023 10:34 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпром” Коомдук акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында республиканы газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар газ менен камсыздоо маселелери жөнүндө күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы боюнча пикир алышты.

Акылбек Жапаров “Газпром” КАК тарабынан өлкөдө спортту өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагын колдоого көңүл бурулуп жатканын жогору баалап, бир катар социалдык жана спорттук объектилерди куруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 54