• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен жолукту

5 Жетинин айы 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан «Европа Биримдиги жана Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшкандыгын Акылбек Жапаров баса белгиледи.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы соода жүгүртүүнүн ырааттуу түрдө өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденциясы, эки тараптуу байланыштын активдештирилиши байкалды. Бирок ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке ашырыла элек.

«Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынан инвестиция тартууга кызыкдар», – деди Акылбек Жапаров.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өз кезегинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Казакстан Республикасынан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашты. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Жолугушуунун алкагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Казакстан Республикасынын жер үстүндөгү өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки республиканын тармактык министрликтери карап чыгышат.

Казакстан Республикасынын премьер-министри министрлер кабинетинин башчысын Нурсултан шаарында ноябрь айында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына чакырды.

Количество просмотров: 154