Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеткени айтылууда. Бул тууралуу маалыматтар соцтармактарда тарап жатат.
Ал өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келген.
Маалыматтар боюнча, МинКаб башчынын убактылуу милдетин Адылбек Касымалиев аткарып турмакчы.
Ал эми президенттин администрациясынын маалымат кызматы расмий билдирүү беребиз деген гана жооп менен гана чектелди.