• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Лейлектеги социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышты

30 Тогуздун айы 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Тажикстан Республикасы тараптан куралдуу агрессиянын кесепетинде жабыркаган Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пункттү көрүп чыкты, анда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

Фельдшердик-акушердик пункт «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан оңдолуп, учурда жашоочуларды кабыл алууда. Жалпысынан мекеме 900дөн ашуун жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтөт

Акылбек Жапаров ошондой эле Лейлек районунун Максат айылындагы турак жайлардын курулушу менен да таанышты. Ага учурда курулуп жаткан үйлөрдүн долбоорлору көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 85