• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолукту

26 Үчтүн айы 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.

Количество просмотров: 48