Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткени кабарланды.
Маалыматка караганда, ал президенттик администрациянын жана өкмөттүн мүчөлөрү менен 16-декабрда коштошту. Ал эми соцтармактарда аны узатып жаткан видеолор тарады.
Анын кызматтан эмне себептен кеткени тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.