• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Акылбекова: Жаштарга өз өлкөсүндө шарт түзүп берүү маанилүү

11 Бештин айы 2021 13:22 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Сайрагүл Акылбекова.

Ал Талас районундагы Бердике баатыр айыл округунан келген, Бердике айыл өкмөтүнүн кызматкери.

«Мен айылдык кеңештин бир жолку жана райондук кеңештин бир жолку депутаты болгом. Ушул убакытка чейин бир катар чет элдик долбоорлор менен иштеп келем. Негизи эле айылыбызда бир топ эле чечилбеген көйгөйлөр көп. Алардын бири буга чейин эле айылдагы жеке менчикке өтүп кеткен жерлерди элдерге кайтарып берүү. Себеби, азыр жаштар өсүүдө, алар үй салалы айылда калалы десе шарт жок. Ушул багытта иш алып барууну көздөп жатам», — деи ал.

Количество просмотров: 193