• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы Азамат Ишенбековго чоң апасынын тажыясына катышууга уруксат берилди

3 Жалган куран 202510:48 Бишкек Govori.TV

Беш жылга кесилген акын жана журналист Азамат Ишенбековго чоң апасынын тажыясына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова билдирди.

Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова акка моюн сунганы тууралуу кабар кечээ, 2-марттар тараган.

Кошумчалай кетсек, Ишенбеков 1-мартта эс-учун жоготуп оор абалда ооруканада жаткан чоң апасын көрүү үчүн Нарынга барган болчу.

Азаматты коштоп абак кызматкерлери да келген, ал чоң апасы менен 1 саат болуп кайра абакка кайткан эле.

27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Ата-энесинен эрте айрылган Азамат чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон.

Количество просмотров: 273