• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

5 жылга соттолгон акын Азамат Ишенбековго ырайым берилди

9 Чын куран 202515:30 Бишкек Govori.TV

“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери акын Азамат Ишенбековго ырайым берилди. Бул тууралуу президенттин Жарлыгы чыкканы 9-апрелде белгилүү болду.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмү менен беш жыл абакка кесилген. Кийинки соттук инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бардыгы айтылган 11 журналистти Ички иштер министрлиги 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган.

Количество просмотров: 365