Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда аялдарга каршы зомбулукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда маалымат жыйын учурунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтобекова билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын акыркы он айында зомбулук фактысы 13 пайызга өскөн.
«Бул өнөктүк өкмөттүк мекемелерди, жамааттарды, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Кыргызстанда бул жолу өтө турган 16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун себептерине үн катпоону бузууга жана гендердик зомбулуктун тамырын кыркуу үчүн коллективдик милдеттемени ырастоого жана биздин биргелешкен аракетибизди бекемдөөгө чакырууга багытталган»,-деди министр.
Белгилей кетсек, жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Ал 25-ноябрь — Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь — Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.