• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыркы аптада сасык тумоо дээрлик 1,5 эсе көбөйгөн

13 Бештин айы 202213:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда соңку апта ичинде сасык тумоологондор дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн бүгүн 13-декабрда Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 5-11-декабрь аралыгында сасык тумоо менен 14 миң бейтап катталган, ага чейинки аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.

Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар.

Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса коюларын 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал эми бүгүн Чүйдөгү алты мектеп карантинге жабылган.

Количество просмотров: 95