Бүгүн, 4-июлга караган суткада дагы 10 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Каза тапкан бейтаптар:
— Бишкек шаарында — 5,
— Чүй облусунда — 2,
— Жалал-Абад облусунда — 2,
— Нарын облусунда — 1.
Кыргызстанда жалпы 2037 адам коронавирус аныкталгандан кийин каза болду.