• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акыркы суткада 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

17 Чын куран 202010:17 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 116га жетти.

«Алардын ичинен Бишкек шаарында 7, Ош облусунда 4 (Ноокат районунда 3, Өзгөн районунда 1), Ош шаарында бир медкызматкер илдетти жуктуруп алды», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 110