• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акыркы суткада коронавирустан 11 адам каза болду

5 Баш оона 2020 11:29 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутка ичинде коронавирустан 11 адам көз жумду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, Нарын, Талас жана Ош облусунда өлүм учурлары катталган эмес.

COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 1;
  • Баткен облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1.
Количество просмотров: 172