• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыркы жумада COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды

3 Тогуздун айы 2022 12:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 26-сентябрдан 2-октябрга чейин COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 3-октябрга карата баардык аймактар ​​жашыл зонада.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 9 ай жана 1 күнүндө COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 405 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Количество просмотров: 66