“Менин оюмча ушул финалдык беттешке жакшы физикалык жактан даярдыксыз чыгып калдым, бир аз жетишпей калды. Кетирген каталарымдын үстүнөн талыкпаган эмгек кылып, буйурса эмки беттеште кездешсек утам деген чоң ниетим бар. Эң биринчи кезекте атама кайрылып күмүш болсо да алтындай кылып кабыл алыңыз демекмин. Мага ишенип мени колдогондордун үмүтүн актап алтын медаль тагынайын деген үмүтүм бар болчу. Тилекке каршы болбой калды”,- деди спортчу.