• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акжол Махмудов бийликтен спортчуларга жакшы шарт түзүүнү суранды

23 Баш оона 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов өлкөнүн бийлигинен спортчулар үчүн жакшы шарт түзүүлөөрүнө ишеничин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.

«Бул биздин жалпы жеңишибиз» деген балбан сыйлоо аземинде сөз сүйлөп жатып анын ийгилигине салым кошкон жакындарына ыраазычылыгын билдирди.

«Мен ошондой эле машыктыруучуларга жана массажисттерге ыраазычылык билдирем. Бул биздин жалпы жеңишибиз. Өлкөбүз өнүгө берсин. Кийинки олимпиадага дагы да жакшы шарттар түзүлсүн. Алдыдагы Олимпиада Кыргызстандын тарыхындагы биринчи алтын медаль болот деп ойлойм. Мындан да жакшы шарттар түзүлөт деп ишенем», – деди Махмудов.

Эске салсак, кыргызстандыктар оюндарда үч медалга ээ болушту: коло — Мээрим Жуманазарова, күмүш — Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова.

Кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде өтөт.

Количество просмотров: 162