• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Акжол Махмудов жылдын доминант балбаны деп табылды 

29 Бештин айы 2023 12:13 Бишкек Govori.TV

Балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан.

Махмудов беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же атаандашынын далысын жерге басып).

Количество просмотров: 229