Акжол, Жоламан Үзүр. Балбандар Азия чемпионатына катышат
Акжол, Жоламан Үзүр. Балбандар Азия чемпионатына катышат
11 Чын куран 2022 15:13 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт.
Кыз-келиндер курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат:
Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
Айпери Медет кызы, 76 кг.
Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында грек-рим боюнча курама командасы төмөнкү курамда катышат:
Балбай Дордоков, 55 кг;
Жоламан Шаршенбеков, 60 кг;
Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
Элдияр Сатаров, 67 кг;
Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
Акжол Махмудов, 77 кг;
Калидин Асыкеев, 82 кг;
Мелис Айтбеков, 87 кг;
Үзүр Жузупбеков, 97 кг;
Роман Ким, 130 кг.
Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Таабалды Сүймөнкул уулу жана башкы машыктыруучу Русланбек Мажиновдун жетекчилиги алдында чемпионатка катышат.