• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ал өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келүүдө». УКМК Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө жооп берди

19 Баш оона 2021 11:37 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттик аппараттын мурдагы башчысы, учурда тергөө абагында жаткан Фарид Ниязовдун 18-августтагы билдирүүсүнө жооп кайтарып, ал өзүн элге саясий туткун жана күнөөсү жок болсо да жабыркап турган адам катары көрсөткүсү келип жатканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы өз комментарийинде Ниязовдун азыркыдай абалга туш болушунун себеби анын мурдагы бир катар мыйзамсыз иштеринде экенин белгилеп, аны жеке көйгөйлөрүнүн башаты сот жообуна тартылбай турганына ишенип алганы экенин моюнуна алууга чакырды.

18-августта Ниязов «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирип, аны УКМКнын жана ИИМдин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалаган. Ал “Кыргызстандын жаранын чет өлкөлүк атайын кызматтарга уурдатып жиберип, эми коомчулуктун көңүлүн башкага буруу аракети болуп жатат» деген.

Инандыга кыргыз жарандыгы мыйзамсыз берилгени үчүн айып тагылганы жөнүндө билдирме Ниязовго адвокаты аркылуу 10-августта берилген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы үчүн кармалган.

Количество просмотров: 563