• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

“Ала-Арча” көрүстөнү толуп баратат, сөөк коюуга Байтиктен жер берилет

11 Тогуздун айы 202310:34 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында, Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, отурумдун күн тартибинде он маселе каралды.

Жыйында Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүндө сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгына байланыштуу Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагынан 22 гектар жерди «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан которуп, көрүстөн катары берүү чечими кабыл алынган.

Количество просмотров: 107