• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

«Ала-Арча» соода борборунун директору кармалды

26 Үчтүн айы 2024 17:23 Бишкек Govori.TV

2 миллион 960 миң сомдон ашуун ири өлчөмдө акча алган, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылы туруктуу киреше убада кылып, «Фаргокоин» криптовалютасын сатуу боюнча бүтүмдүн шылтоосу менен 22 000 АКШ доллары жана 1 000 000 сом суммасында акча каражатын ээлеп алган адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген жалпы чыгым 2 969 000 сомду түзөт.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2024-жылдын 23-январында кылмышка шектүү катарында «Ала-Арча» соода борборунун башкы директору Б.Т., аттуу жаран кармалган. Кыргыз Республикасынын Жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилип, райондук соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы каралып камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Иш боюнча кылмыш шериктештерин аныктоо максатында тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 587