• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Арча суу сактагычынан аялдын жансыз денеси табылды

16 Аяк оона 20209:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Ала-Арча суу сактагычынан болжол менен 30-35 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү саат 15:35 чамасында Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына аял киши чөгүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 172