Борбор калаадагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 55 жаштагы аялга антибиотик дарысы сайылгандан кийин өзүн жоготуп, каза болгону тууралуу маалыматтар соцтармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда, медициналык тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, аял каза болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлиги № 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтаптын өлүмү боюнча комментарий берди.
«Маркум жашаган жеринде жүрөк оорусуна байлаыштуу кардиоревматологго такай көрүнүп турган. Антибиотик дарыны дарыгер дайындаган, бул дары Кыргызстанда каттоодон өткөн. Учурда бул окуя ар тараптан иликтенип жатат»,- деп билдиришти министрликтен.