Бишкек шаарындагы Ала-Арча суусуна түшүп кеткен 30 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелде болжол менен саат 14:34 чамасында Медеров менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Ала-Арча суусуна 1990-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.
«ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Абалы орто деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.