• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ала-Арчада адашып кеткен 2 жаран куткарылды

10 Тогуздун айы 20229:54 Бишкек Govori.TV

Ала-Арча капчыгайында адашып кеткен 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын Бөйрөк тилкесинде 1987-жылы туулган П.А. аттуу эркек жана 1999-жылы туулган Ж.К. аттуу аял (Бишкек шаарынын тургундары) жолдон адашып, түшө албай калышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, аталган тилкеден жарандарды түшүрүшкөн. Абалдары жакшы, жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 104