• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

18 Чын куран 202513:01 Бишкек Govori.TV

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелден 20-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Теги:
Количество просмотров: 225