• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ала-Букада 9,5 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

4 Тогуздун айы 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 9 млн 536 миң сомдук 0,12 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мурунку жооптуу кызмат адамдары жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, муниципалдык менчиктеги 0,12 га жер аянтын 15 миң 570 сомго сатып жибергендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан Ала-Бука айыл өкмөт башчысынын атына прокурордук талап келтирилип, анын жыйынтыгында аталган жер тилке муниципалдык менчикке алынды.

Теги:
Количество просмотров: 127