• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ала-Букада документти жасалмалоо жолу менен 2 баланы өлкөдөн чыгарып кетишкен

15 Жалган куран 2024 17:02 Бишкек Govori.TV

Ала-Букада документти жасалмалоо жолу менен балдарды мыйзамсыз асырап, өлкөдөн чыгарып кетишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз күбөлүк берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүп, балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер жана баланы мыйзамсыз ташып чыгуу фактылары аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо), 185-беренеси (балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер) жана 188-беренеси (баланы мыйзамсыз ташып чыгуу) менен кылмыш иши козголду.

Алсак, Ала-Бука районунун Көк-Серек үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан К.Н. аттуу жаран 2022-жылдын 15-февралында, ал эми Ч.Н. аттуу жаран 2022-жылдын 15-июлунда балалуу болгондугу тууралуу тактамалар берилип, анын негизинде Калкты каттоо департаментинин Аксы райондук аймактар аралык бөлүмү тарабынан жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөр берилген.

Бирок, Көк-Серек айыл өкмөтүндө 2022-жылы жалпысынан 56 төрөт кабыл алынып, ал эми К.Н. жана Ч.Н. аттуу жарандардан төрөт кабыл алынбагандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жогорудагы К.Н. жана Ч.Н. аттуу жарандар төрөт учуру катталган мезгилде Кыргызстандын аймагында болушкан эмес, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз аракеттери менен бала асырап алышкан жана Кыргызстандын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгышкан.

Жыйынтыгында Ала-Бука районунун Көк-Серек үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Калкты каттоо департаментинин Аксы райондук аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлеринин, ошондой эле К.Н. жана Ч.Н. аттуу жарандардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында “Балдар жөнүндө» мыйзамдын 45-беренесинин (баланы асырап алуунун тартиби) жана 47-беренесинин (балдарды асырап алуу боюнча коммерциялык максаттагы ортомчулук иштердин жол берилбестиги) талаптары одоно бузулган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш иштин тергөөсү Ала-Бука РИИБине тапшырылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 182