• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ала-Букада таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ачылды

27 Жетинин айы 2023 8:53 Бишкек Govori.TV

Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Демилге облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 млн 540 миң сом акча каражат бөлүнгөн. Ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер аянты ажыратылган.

Президенттин облустагы өкүлү таштандыны кайра иштетүүчү завод облус аймагында алгачкылардан болуп ишке берилгенин белгиледи. Долбоор азыркы учурдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон таштандыдан арылуу, андан пайдалуу заттарды өндүрүүдөгү артыкчылыктуу аракет экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, кичи заводко Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, эки тоо кен компаниянын таштандылары чогултулуп, кайра иштетилет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалган. Мындагы жайда техникалык база да уюштурулган.

Количество просмотров: 67