Жалал-Абад облуунун Кара-Көл шаарында 17 жаштагы кызды ала качып кетишен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Кара-Көл ШИИБне 2021-жылдын 03-июнь түнү саат 02:30 чамасында Кара-Көл шаарынын 41 жаштагы тургуну А.А. арызы менен кайрылып, ал өз арызында 2021-жылдын 01-июнь күнү саат болжол менен 15:00 чамасында кызы 2004-жылы туулган М.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин билдирип издөө иштерин жүргүзүп кызын таап берүүнү суранган.
Аталган материал Кара-Көл ШИИБнин МЭЖне 2021-жылдын 03-июнь күнү Дайынсыз жоголуу болуп катталып териштирүү иштери улантылган.
«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 2-июнунда дайынсыз болуп жаткан М.А. өзүнүн инстаграм баракчасына: «Бирөө жарым мага жардам бергилечи, мени ала качышты. Телефонумду тартып алышты, эч кимге чала албай жатам. Апама айтып койгулачы. Сураныч. Мен азыр кайда экенимди билбейм. Келин болосуң деп айтып жатышат», — деп инстаграм баракчасынын статусуна жарыялагандыгын билгилүү болгон.
Аталган окуя боюнча материал 2021-жылдын 3-июнунда Кара-Көл ШИИБнин КЖБРне катталып Кыргыз Республикасынын ЖКнин 175-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
2021-жылдын 3-июнунда кечки саат 21:30 чамасында дайынсыз жоголгон жашы жетелек М.А. Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндөгү түндүк тарабынан жолдун четинде олтурган жеринен табылган.
Жабырлануучуга карата атайын соттук-медициналык эспертиза дайындалып, азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында текшерүү иштери уланууда.