• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ала-Тоо» аквапаркындагы окуяга байланыштуу мектеп директору иштен алынды

12 Кулжа 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо» аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу № 95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аквапарктагы окуяга байланыштуу мэрия тарабынан түзүлгөн комиссия 9-июнда өз ишин аяктаган.

«Мектеп директору Эмгек кодексинин 83-беренеси (Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу) менен иштен алынды. Андан тышкары, жазган арызынын негизинде 6 мугалим иштен алынды, иш берүүчүнүн демилгеси менен директордун 2 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова каза болгон баланын апасы менен жолугуп, алардын үй-бүлөсүнө социалдык кызматкер дайындаган.

Количество просмотров: 110