• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Тоо аянтында жумушчулар мушташа кеткен (видео)

26 Жалган куран 202516:46 Бишкек Govori.TV

Ала-Тоо аянтында бүгүн, 26-мартта саат 12:00дөр чамасында объектини оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан курулушчулар мушташа кетишкен. Бул тууралуу окурмандар Kaktus.media сайтына видео жиберишкен.

Күбөлөрдүн айтымында, мушташ курулушчулардын бирин тепкичтен түртүп ийишкенден кийин башталган.

 Эске салсак, учурда борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы Манастын айкели турган жердин асты демонтаждалып, толугу менен оңдолуп жатат. Эстелик турган жердин асты чирип, урайын деп калганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген болчу.

Количество просмотров: 447