• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат

12 Чын куран 2024 10:11 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо» борбордук аянты реконструкцияланат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматта айтыландай, 11-апрелде «Ала-Тоо» аянтында мэрдин орун басары Азамат Кадыровдун, Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Уландын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо маселеси боюнча көчмө жыйын өттү.

Анда инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо долбоорун баштоо талкууланды.

«Бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат. Реконструкциялоонун башталышына байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат», — деп кошумчаланды.

Количество просмотров: 87