Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты 30-декабрь саат 15:00дөн тарта жабылды. Мындай чара жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Аянт 2024-жылдын 1-январынын таңына чейин жабык болот.
Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат.
Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынын 105 кызматкери жеринде нөөмөттө болот.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайт жана көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.