Бүгүн Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянты унаалардын өтүүсү үчүн жабылды.
Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кыймылын чектөө Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүгө байланыштуу киргизилди.
Жол кыймылын чектөө 1-ноябрь саат 12:00гө чейин созулат.
Ошентип, Чүй проспектиси Тоголок Молдодон Абдрахманов көчөсүнө чейин жабылды.