• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала Тоо» аянтында дагы концерт. Оркестрдин коштоосунда эски обондор жаңырды

3 Аяк оона 202421:17 Бишкек Govori.TV

“Ала Тоо” аянтында 3-сентябрда “Күз кайрыктары” музыкалык кечелери башталды. Бул тууралуу GovoriTVнын кабарчысы билдирет.

Кыргызстандык артисттерди көрүү үчүн аянтка шаардыктар жана борбордун коноктору чогулушту. Күз кайрыктары кечеси эртең дагы уланат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги таркаткан маалыматында 3-сентябрда К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин концерти коштоду.

Программада:
«Шаңшуур»;
«Ак тилек» (Ырыскелди Сатыбалдиев);
«Санат ыры» (Ырыскелди Сатыбалдиев, Каныкей);
«Эне жөнүндө баллада» (Аксай Мукамбет уулу);
«Күйдүм чок» (Токтогул Рысалиев, Элгиз Бейшенбаев);
«Жүрөк толкуйт» (оркестр);
«Сыйлай жүр» (Ырыскелди Сатыбалдиев);
«Дана кыз» (Өмүрзак Кайыпов);
«Самаргүл» (Эламан Жалалов, Гүлбара Маматова);
«Жүрөктү жүрөк тандасын» (Азат Садыков, Айзирек Абдирашитова);
«Аселдейим» (Элера Кабылжан кызы, Аксай Мукамбет уулу);
«Кете албай жүрөм» (Курал Чокоев, Элера Кабылжан кызы);
«Биздин өзөн» (Каныкей);
«Ибарат» (оркестр);
«Мөлмөлүм» (Өмүрзак Кайыпов);
«Чын эле мен сени таптымбы» (Чырмаш Төрөбеков, Кутман Жолдошов);
«Мен өрттөнүп барам» (Аксай Мукамбет уулу);
«Алма алам» (Токтогул Рысалиев);
«Аялга» (Өмүрзак Кайыпов, Элдияр Желденбаев);
«Миң кыял» (оркестр);
«Кыргызстан» (Ырыскелди Сатыбалдиев, Мейликан Темирова).

Концерт саат 17:00дөн 21:30га чейин “Ала-Тоо” аянтында өттү.

Количество просмотров: 189