Ала-Тоо аянтында жаңы жылга карата балаты кооздолуп, жарыктандыруу иши кызуу жүрүп жаткан учуру.
ӨКМден кабарлашкандай, аянтты түркүн-түстөгү жарыктандыргычтар менен кооздоодогу өрт коопсуздук эрежелерине көзөмөл жүргүзүү максатында ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери балаты жана жанаша турган көчмө соода түйүндөрүн текшеришти. Анда ток өткөрүү үчүн туташтырылган электр чубалгыларынын жайгаштыруусуна, жарык бергичтердин (гирлянды)абалына өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле куткаруучулар пиротехникалык каражаттарды колдонууда анын нускамасы менен таанышып, колдонуу мөөнөтүнө көңүл буруу керектигин жана коопсуз аймакта ачык жерде гана колдонууну эскертишти.