• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ала-Тоо аянтындагы митинг

17 Үчтүн айы 2019 19:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2019. Govori.TV

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кытайлык экспансияга каршы митинг болуп 300 дөн ашуун адам чогулду. Алгач акциянын уюштуруучусу Аманбол Бабакулов бир канча гана талаптарды атаган, бирок митингдин жүрүшүндө доолордун саны артты.

Алар талаптардын баарын жазып ЖК депутаттарына берүү үчүн  Ак үйгө барууну чечишти.

Ак үйгө кирген митингчилердин тобу кайтып келип, лидери Аманбол Бабакулов аларды вице-спикер Мирлан Бакиров кабыл алганын айтып чогулгандарды таркоого үндөдү.

Ага макул болбогондор Ак үй тарапка багыт алышты.

Жолду тосууга аракет кылды деген негиз менен милиция кызматкерлери митингчилерди кармап, автобустарга салып кетти.

Тартип сакчылары чогулган элди 20 мүнөттүн ичинде аянттан кууп чыкты.

Количество просмотров: 8