Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кетти.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктап, учурда президент Садыр Жапаров прокуратура системасындагы кызматкерлердин ичинен башкы прокурорлукка талапкерди карап жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматын 2020-жылдын октябрынан бери иштеп жаткан.