• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзгөндүн тургуну Зулушевди рейдерликке айыптады. Жапаров иликтөөнү тапшырды

15 Чын куран 202616:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров УКМКга экс-депутат, экс-баш прокурор Курманкул Зулушевди рейдерликке айыптаган жарандын дооматын текшерүүнү тапшырды.

Мамлекет башчы Ош облусуна сапарынын алкагында 14-апрель күнү Өзгөн районунда эл менен жолугушуп, арыз-дооматтарын уккан. Жолугушууда Аттокур Бусурманкулов аттуу жаран «1991-жылы түзүлгөн акционердик коомуна караштуу жерди жана мүлктөрдү Курманкул Зулушев командасы менен чогуу тартып алганын» айткан.

«2021-жылга чейин иштедик. 2021-жылы сиздин айланаңыздагы — бийликтеги Курманкул Зулушев баш болгон команда рейдерлик жол менен басып алган. 40 гектар көп жылдык бак, курулуштар жана башка мүлктөрүбүздү», — деди Бусурманкулов.

Президент Садыр Жапаров ошол эле жерден УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевге маалыматты текшерүүнү тапшырды.

Бул боюнча Зулушев комментарий бере элек.

Количество просмотров: 229