Алай районунда көчмө клиника иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ош облусуна караштуу Алай районунда мобилдүү клиника калкты тейлеп, клиниканын ичинде рентген аппараты бар, терапевт, пульмонолог, дарыгерлер элди акысыз көрүп, жардам көрсөтүүдө.
«Көчмө клиника ушул жума аяктаганга чейин райондун борбору Гүлчө айылында болуп, андан соң бүтүн райондун айылдарын кыдырат», — деп айтылат маалыматта.