28-январь күнү Алай районунда киши колдуу болуп каза болгон ички иштер бөлүмүнүн 32 жаштагы участкалык кызматкеринин артында 4 жана 2 жаштагы балдары калды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмышкерлер тарабынан каза болгон милициянын лейтенанты Нурланбек Эркулов 1989-жылы 27-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында төрөлгөн. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ош олустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат»,-деп айтылат маалыматта.
«2010-2011-жылдары 2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Кийин 2012-2017-жылдар аралыгы №71137 аскер бөлүгүндө кызматкер болуп эмгектенген. Ошентип 2019-жылдын 15-мартынан өмүрүнүн аягына чейин Алай РИИБинин аймактык милиция кызматкери болуп иштеп келген.