• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Алайдагы памирлик кыргыздарга окуу китептери жөнөтүлдү

24 Үчтүн айы 2020 16:44 Бишкек Govori.TV

Алай районуна көчүп келип, билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери жөнөтүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, китептер бүгүн, 24-январда, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтерине тапшырылган.

«Аркус» жана «Кут аалам» басмаканасы көчүп келген кыргыздар үчүн 50 даана «Алиппе», 50 даана «Мекен таануу», 40 даана «Математика», кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Алай районунун Сары-Могол айылындагы мектепте 36 памирлик кыргыз билим алып жатат.

Количество просмотров: 48