• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кытайда акысыз билим алуу үчүн 23 орун бөлүндү

12 Жетинин айы 2022 10:36 Бишкек Govori.TV

Кытайдын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 стипендия бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин баса сөз кызматы билдирди.

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы «Кытай өкмөтүнүн стипендиялары» программасына катталып, керектүү жерди толтуруп, талап кылынган бардык документтерди ушул жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим баскычына ылайык жүргүзүлөт.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү ссылка: https://edu.gov.kg/announcements/165/

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү телефон номерлерине байланышууга болот: +996(312)625082, 621519.

Количество просмотров: 62