Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде аутизми бар балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга ата-энелер, коомдук ишмерлер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аутизми бар балдардын билим берүү кызматтарына жетүүсү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, психологиялык-педагогикалык колдоону күчөтүү жана мугалимдерди даярдоо маселелери каралды. Ата-энелер өз көйгөйлөрүн айтып, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды колдоо системасын жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти.
Ошондой эле окутууда жекече мамилени киргизүү, жалпы билим берүүчү мектептерде ресурстук класстарды көбөйтүү жана инклюзивдик билим берүү тармагында мекемелер аралык кызматташууну чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министрдин орун басары Надира Джусупбекова инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ата-энелер жана эксперттик коомчулук менен мындан ары да диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.