• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Алайдын акими кызматтан бошотулду

18 Үчтүн айы 202417:21 Бишкек Govori.TV

Азамат Кожомамбетов Алай районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кожомамбетов Азамат Асанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Кожомамбетов Алай районунун акими болуп 2023-жылдын август айында дайындалган.

Количество просмотров: 152