Ош облусуна караштуу Алайкуу айыл аймагына калың кар жаады. Бул тууралуу сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланды.
Буга чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-85-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол эки тараптан тең жабылган.
ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, автожолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн беш техника иштеп жатат. Жабыркагандар жок.