• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аламүдүн дарыясы эмне себептен жашыл түскө боёлгону айтылды

6 Жалган куран 2020 10:05 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн дарыясына азык-түлүк боёгу ыргытылгандыктан суу жашыл болуп калган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу жеринде профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия иштеген. Анда куш менен балыктардын кырылганы катталбаганы аныкталган. Ошондой эле суунун, топурактын үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн.

«Жолдун жээгине белгисиз адамдар курулуш таштандысын калтырып кетишкен. Ошол жактан дарыяга азык-түлүк боёгу төгүлүп калган. Укук коргоо органдары болсо иш козгоду. Кошумча маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, дарыя жашыл түскө боёлуп калган видео 29-февраль күнү социалдык түйүндөргө тараган. Ошол эле күнү Чүй облусунун өкүлчүлүгү сууга белгисиз зат ыргытылганын маалымдаган болчу.

Количество просмотров: 10479