Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштеринен натыйжа чыкпаганын белгиледи. Аталган мекеме издөө иштери 22-январь күнү саат 08:30да улантыларын кошумчалады.
Бүгүн 20-январь күнү жоголгон адамды издөөгө жалпы 250 адам тартылды. Курамында кинолог жана 6 дрон, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 100 кызматкери, ыктыярчылар бар.
Буга чейин аталган мекеме издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатканын билдирген.